Тажикстан: тормозу иштен чыккан жүк ташуучу унаа 10дой кишинин өмүрүн алды

Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Тажикстандагы Душанбе — Куляб — Хорог жолунда "Дулон" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын тормозу иштен чыгып, бир нече автоунаалар менен кагышып, эки үйдү сүзүп кеткен. Бул тууралуу Тажикстандын ИИМи билдирди.
Окуянын кечээ, 6-августта, саат 19:30дар чамасында болгону айтылды. Ведомстводон жабыркагандар менен каза тапкандардын саны такталып жатканын билдирген. Ал эми РИА Новости агенттигине маалымат булактар 10го чукул адамдын көз жумганын айткан.
Министрликтен кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтты.
Нарын: Sprinter менен Toyota RAV4 кагышып, 8 киши жарадар болду. Сүрөт