Радио

Султанов: аккаунт, почтаны эки фактордук аутентификация менен коргоо керек

Кыргыз интернет коомунун кыргыз бөлүмүнүн төрагасы Талант Султанов интернет сатып алуулар үчүн кошумча эсеп ачып, ченеп акча салып коюу керектигин айтты.
Sputnik
Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да санариптештирүү активдүү өнүгүүдө. Адамдар мобилдик телефон, компьютер, интернет аркылуу кызматтарды пайдаланып, көп жумуштарын бүтүрүүдө. Интернеттин реалдуу жашоодогудай эле жаман жана жакшы жактары бар. Бул тууралуу Талант Султанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, интернет сатып алуулар үчүн кошумча эсеп ачып, ченеп акча салып коюу керек.
"Киберкоопсуздук десек эле мамлекеттер аралык маалымат уурдоо маселесин түшүнчү элек. Азыр жөнөкөй адамдардын жеке маалыматы да баалуу болуп, жеке тараптарга да киберчабуул болуп жатат. Андыктан ар бир интернет колдонуучу кибергигиена тууралуу билиши керек. Биринчиден, жеке аккаунттарды, почталарды эки фактордук аутентификация менен коргоо зарыл. Мында эки башка бири-бирине окшошпогон компоненттердин айкалышы аркылуу колдонуучунун чыныгы өзү экенин текшерүү инструменти каралган. Мисалы, аккаунтка пароль, ошону менен бирге жүзүн сканерлеп коюу. Биз жеке маалыматтарды же болбосо онлайн банкинг, капчыктардагы каражатты киберкылмышкерлерден сактайбыз. Андыктан сыр сөздү татаал кылуу менен кооптуулукту азайтабыз. Ошондой эле соцтармактан же атайын келген СМСтер аркылуу тиркеме көчүрүү абдан кооптуу. Муну киберкылмышкерлер жөнөтүшү мүмкүн. Эӊ жакшысы тиркемелерди коопсуздук чыпкаларынан өткөн, ишенимдүү программалар жайгаштырылган Google Play же App Store дүкөндөрүнөн гана көчүрүү керек", — деди Султанов.
Ал тиркеме же оюндарда атайын төлөм менен пайдаланууга мүмкүн болгон инструменттерди сатып алууда негизги картаны байлабай эле коюуну сунуштады.