Радио

Райымбеков: медицина документтери электрондук форматта жүргүзүлө баштайт

Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматтык коммуникациялык технологиялар долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Калыйнур Райымбеков медицина тармагын санариптештирүү тууралуу айтып берди.
Sputnik
Жарандар ооруканага көрүнүп, анын натыйжасын аралыктан электрондук түрдө алса болот. Бул тууралуу Калыйнур Райымбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, медициналык документтерди электрондук түрдө жүгүртүүнү уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди.
"Саламаттык сактоо тармагында документтерди электрондук форматта жүргүзүү медиктерге бейтаптарды кароого көбүрөөк убакыт бөлүүгө шарт түзөт. Демек, медициналык документтерди кагаз түрүндө жана маалыматтык тутумдарда кайталоого зарылдык жоюлат. Ошондой эле бул долбоор элге да ыңгайлуу болот. Башкача айтканда, бейтаптар дарыгерге көрүнгөндөн кийин анализдердин жыйынтыгын электрондук түрдө алат. Бул бейтаптардын убактысын жана акчасын үнөмдөйт. Мындан тышкары, оорукана үчүн кагазга корогон бюджеттик каражат үнөмдөлүп, документтерди жасалмалоого бөгөт коюлат. Аны колдонуу үчүн "Түндүк" порталына катталуу зарыл. Мындан тышкары, дарыгерге көрүнгөндө атайын QR код менен документ берилет. Ошол аркылуу шилтемеге кирип, анализдин жыйынтыгын алса болот", — деди Райымбеков.
Ошондой эле ал "Түндүк" порталына бейтаптын амбулатордук картасындагы маалыматтар киргизиле баштаганын кошумчалады.