Кыргызстандык жеңил атлетчи дүйнөлүк универсиадада коло медаль тагынды. Видео

Нурсултан Кеңешбековдун байгеси мындай масштабдуу мелдеште кыргыз жеңил атлетикасынын тарыхындагы биринчи медаль болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Нурсултан Кеңешбеков Кытайдын Чэнду шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк универсиадада коло медалга ээ болгонун Дене тарбия департаменти билдирди.
Анын байгеси мындай масштабдуу мелдеште кыргыз жеңил атлетикасынын тарыхындагы биринчи медаль болуп калды.
Кеңешбеков 5 чакырымдык жарышка түшкөн. 14 мүнөт 15,33 секундда келип, франциялык жеңүүчүдөн болгону 1,23 секундага артта калды.
Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, тхеквондо жана ок атуу боюнча күч сынашып жатат.
Кыргыз балбандары Сербиядагы турнирде чоң ийгилик жаратты. Видео