БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Жакында Кыргызстанда Silk Road Mountain Race (Жибек жолундагы тоо жарышы) деп аталган эл аралык веложүрүш өтөт. Бул туурасында Туризм департаментинен кабарлады.
Жарыш эки апта — 12-26-августта болот. Жүрө турган жол оңой болбойт. Ал Каракол — Эңилчек — Саруу — Жууку — Нарын — Көл-Суу — Баетов — Казарман — Соң-Көл — Кегети — Чоң-Кемин — Көк-Айрык — Чолпон-Ата аркылуу өтөт.
"Алдын ала маалыматтарга таянсак, быйылкы бул иш-чарага ар кыл өлкөлөрдөн 200гө чукул велосипедисттер катышат. Мындай спорттук жүрүштөр туризмдин өнүгүшүнө түрткү берет", — деп белгилеген департаменттен.