Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек 290 чакырым жер калды

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Чолпон-Атада президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукканда Бишкек тажик тарапка чек ара боюнча сунуш киргизгендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда тактала элек 290 чакырым жер калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 950 чакырымдан арбыныраак. Буга чейин тараптар 626 чакырым боюнча долбоордук тактоо, сүрөттөп чыгуу иштери жасалганы айтылган.
2021-жылдын май айынан тарта топографиялык топтор кыргыз-тажик чек арасынын 101, 86 чакырымын тактап, сүрөттөп жазып чыгышкан. Бул күндөрү Душанбеде өтүп жаткан делегациялардын жетинчи жолугушуусу 10-августка чейин уланат.
Мурдараак Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Чолпон-Атада президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукканда Бишкек тажик тарапка чек ара боюнча сунуш киргизгендигин маалымдаган. Анын айтымына караганда, Кыргызстан алмашууну сунуш кылган татаал тилкелер бар. Иманкулов ал кайсы жерлер экендигин атаган эмес.
Андан мурдараак өкмөттүк комиссиянын сүйлөшүүсү учурунда тажик тарап 1924-1927-жылдагы картаны пайдаланууну сунуштаганын билдирген.
Коопсуздук кеңешинин катчысы анда тажик тарап картаны толук эмес, өзүнүн пайдасына колдонгусу келип жаткандыгын билдирген.
Иманкулов: Жапаров Путинден кыргыз-тажик чек ара маселесин чечип берүүгө жардам сурады