Кыргыз-кытай чек арасында ары-бери каттоо тартиби өзгөрдү

Көзөмөл өткөрүү жайлары жаңы тартип менен 2023-жылдын 6-августунан 1-октябрына чейин иштээри айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чек ара кызматы 6-августтан баштап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл өткөрүү жайларынын ишинде айрым өзгөрүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.
Ведомствонун маалымат кызматы төмөнкүлөрдү тизмектеди:
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 08.00дон 20.00го чейин иштеп баштады;
жуманын бардык күндөрү жогоруда аталган көзөмөл өткөрүү жайлары жүк ташуучу автоунааларды өткөрөт, ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтерди жана башка жарандарды жөө жана жеңил автоунаа менен өткөрөт;
ишемби жана жекшемби күндөрү көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автоунаалар гана өтөт.
"Эскерте кетсек, Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруулары керек", — деп билдирди.
Көзөмөл өткөрүү жайлары мындай тартип менен 2023-жылдын 6-августунан 1-октябрына чейин иштемекчи.
Чек ара кызматынан мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча суроолор жаралса 996 312 88 16 18 телефон номерине чалып, кайрылса болорун билдирди.
Кыргызстандыктарга Казакстанда каттоосуз 90 күн жүрүүгө уруксат берүү каралууда