Дарыгер муун ооруларынын күтүүсүз эки себебин атады

Адис кененин чакканы башка дагы ооруларды күчөтүп жибериши мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Муундардын оорушуна кененин чакканы жана инфекция себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-ревматолог Дарья Кусевич эскерткенин РИА Новости жазды.
Адис муун оорусу адатта улгайган адамдарды кыйнай турганын, бирок жаштарды да илдет айланып өтпөсүн айтты.
"Муундардын оорушуна боррелиоз себеп, бул кененин уусу аркылуу адамга берилет. Мындан сырткары, илдетке COVID-19, жыныстык катнаш аркылуу жуккан оорулар, бактериялык инфекциялар дагы себеп болушу мүмкүн", — деген дарыгер.
Адис кененин чакканы башка дагы ооруларды күчөтүп жибериши мүмкүн экенин кошумчалаган.
Инфекционист кене чагып алса эмне кылуу керектигин айтып берди