БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда 8-9-август күндөрү таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында шаар мэриясы эскертти.
8-августта саат 09.00дөн 14.00гө чейин суу өчө турган аймактар:
Анкара көчөсүнөн түштүккө карай 7-апрель көчөсүнө чейин, Улан-2 кичи району;
Суванбердиев көчөсү, Кара-Дарыя көчөсүнөн Достук көчөсүнө чейин;
Кара-Дарыя көчөсүнөн батышка Скрябин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин;
Шоокум, Конорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.
Жаралган ыңгайсыздык оңдоо-профилактикалык иштерине, 11-кичи райондогу диаметри 500 миллиметр болгон суу түтүктү оңдоого байланыштуу. Андыктан Мавлянов көчөсүнөн тартып Көк-Жар кичи районундагы №18 үйгө чейин ичүүчү суу токтотулат.
Ал эми 9-августта саат 10.00дөн 18.00гө чейин Жайыл баатыр, Садырбаев, Абдрахманов жана Шералиев көчөлөрү менен чектешкен аймакта муздак суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул да оңдоо иштерине байланыштуу.
Суу турак үйлөрдө эле эмес, мектептерде, бала бакчаларда, медициналык мекемелерде жана башка социалдык-тиричилик, өнөр жай объектилеринде да өчүрүлөт.
"Бишкек суу канал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, уюмдарды, калкты алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.