Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевде Польша менен достук мамилеге качан чекит коюлары айтылды

Варшава акыркы кезде Киев менен болгон алака айрым украин саясатчыларынын билдирүүлөрүнөн кийин начарлап кеткенин белгилеп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Украина согуш бүткүчө Польшаны жакын тутуп, андан соң атаандаштык мамилеге өтөт. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "Дом" телеканалынын эфиринде маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бизге бүгүнкү күндө ылым санап, ынак болгон мамлекет — бул Польша. Согуш бүткүчө ушундай эле болот", — деди ал.
Подоляктын айтымында, кагылышуу аягына чыккан чоң эки өлкө "тигил же бул рынок үчүн" атаандаштык мамилеге кайтат.
Эскерте кетсек, буга чейин Польшанын элчиси Бартош Цихоцкий өлкө президентинин канцелярия министри Марчин Пшидачтын Варшаванын көрсөткөн жардамына нааразы болгон Киевдин аракетин сынга алган сөзүнөн кийин Украина ТИМине чакырылган. Варшава акыркы кезде Киев менен болгон алака украин саясатчыларынын айрым билдирүүлөрүнөн кийин начарлап кеткенин айтып келет. Талаштуу маселенин бири — Польшанын украин эгинин өткөрүү үчүн чек арасын ачуудан баш тартуусу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин жосунуна Польшанын премьери нааразы болуп, катуу жооп берди