Москва: пилотсуз учак жок кылынды, Внуково аэропортунда иш үзгүлтүккө учурады

Абадан коргонуу күчтөрү пилотсуз учакты иштен чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москвадагы Внуково эл аралык аэропортунда рейстерди кабыл алууга жана учурууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Каттамдар башка аба майдандарга да багытталганы айтылды. Аэропорт мындай кырдаалга аба майдандын өзүндөгү иш себеп болбогонун билдирген.
Ал арада Москванын мэри Сергей Собянин шаардан пилотсуз учак учканга аракет кылып, аны Абадан коргонуу күчтөрү жок кылганын билдирди. Окуя саат 11лер чамасында болгон. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түндө Киев бийлиги Москвага үч дрон менен чабуул жасады