Кыргызстан 300 миң тоннага жакын мөмө-жемиш өндүрөт. Акыркы учурларда адамдардын көбү рационуна жашылча, мөмө-жемиш кошуп, керектөө дагы көбөйүүдө. Бул тууралуу Дамира Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мөмө-жемишти импорттоо жана экспорттоодо соода-логистикалык борборлорду көбөйтүүгө аракет көрүлөт.
"Азык-түлүк коопсуздугуна абдан маани берилип жатат. Учурда Кыргызстан 300 миң тоннага жакын мөмө-жемиш өндүрөт. Акыркы учурларда адамдардын көбү рационуна жашылча, мөмө-жемиш кошуп, керектөө дагы көбөйүүдө. Бирок норма жылына 850 миң тоннага жакын көлөмдү түзүшү керек. Тилекке каршы, керектөөнүн жарымынан көбүн импорттойбуз. Өзгөчө мөмө-жемишти импорттоо жана экспорттоодо соода-логистикалык борборлордун орду маанилүү, алардын санын көбөйтүүгө аракет көрүлөт. Буга байланыштуу өлкөдө мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыккан", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис мөмө-жемишти Кыргызстан чийки бойдон экспорттобой кайра иштетип, ага артыкчылык берерин кошумчалады.