Өлкөдө депозитке салынган акчанын көлөмү бир жылда 138 млрд. сомго көбөйдү

Кезектеги рекорддун бири коюлду. Буга чейин апрелде жогорку көрсөткүч жаралып, дээрлик 377 миллиард сомду түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстанда июндун аягында депозиттин көлөмү дээрлик 388 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматында жазылат.
Эске салсак, мында бир гана депозиттин (кыска мөөнөттүү жана керектөөгө чейинки) өзү эле эмес, банктык эсептеги акчанын көлөмү да кошулат. Кеп юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле чет элдиктердин эсеби тууралуу болуп жатат.
Депозиттик база жөнүндө маалыматтар:
майдын аягында — 376,4 миллиард сом;
июндун аягында — 387 миллиард 947,2 миллион сом.
Демек, депозиттик база июнда 11,5 миллиард сомго көбөйгөн. Анын басымдуу бөлүгүн (9 миллиард сом) керектөөгө чейинки депозиттер түзөт.
Салыштыруу үчүн айтсак, өткөн жылдын июнь айынын аягында депозиттик база 249,5 миллиард сомдон ашкан. Бир жылдын аралыгында 138,4 миллиардга көбөйгөнүн байкоого болот.
Ошентип кезектеги рекорддун бири коюлду. Буга чейин апрелде жогорку көрсөткүч жаралып, дээрлик 377,2 миллиард сомду түзгөн.
Кыргызстанга акча которууда долларга коюлган чектөө алынды