Кыргыз балбандары Сербиядагы турнирде чоң ийгилик жаратты. Видео

Эл аралык мелдеште үч спортчу чемпион болду, дагы үчөө байгелүү орунга илинди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кыргызстандык алты балбан Сербиядагы беделдүү турнирде байге алды.
Ljubomir Ivanovic-Gedza Memorial аталышындагы турнирге өлкө атынан 8 спортчу барган.
Эл аралык мелдеште үч спортчу чемпион болду, дагы үчөө байгелүү орунга илинди.
Алтын байгени Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Раззак Бейшекеев тагынды. Бейшекеев финалда дүйнө чемпиону, килем ээси Себастиан Надо (видеодогу) менен кез келген.
Ошондой эле Бексултан Махмудов күмүш, ал эми Үзүр Жүзүпбеков менен Амантур Исмаилов коло байгеге ээ болду.
Айсулуу Тыныбекова Poddubny турниринде россиялык атаандашына утулуп калды