Эпосто кездешкен "кыбалоо" деген сынып же чыгып кеткен сөөктү ордуна келтирип таңуу дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонсо болот.
"Манаста "кыбалоо" деген көөнө сөз кездешет. Маселен, "аламын деп кыбалап, алга карай ураалап" деген саптар бар. Негизи бул сөз бир нече мааниде колдонулат. Биринчиси, сынып же чыгып кеткен сөөктү ордуна келтирип түзөтүү жана эби менен таңуу дегенди түшүндүрөт. Экинчи мааниси — бир нерсени көңүл коюп, өтө дыкаттык, өзгөчө чеберчилик менен жасоо дегенди билдирет. Ал эми өтмө маанисинде аркасынан сая түшүп, калбай кубалоо дегенди туюндурат. Эпосто дал ушул маанисинде эң көп пайдаланылган", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал "Манас" эпосу адамзаттын көөнөрбөс байлыгы экенин кошумчалады.