Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЦРУнун экс-агенти Британиянын чалгын кызматынын билдирүүсүн сындады

Буга чейин Британиянын чалгын кызматы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуул коюшуна бадалдар жана анча чоң эмес бактар тоскоолдук жаратканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин чалгын кызматынын Украинанын чабуул коюшуна бадалдар жана өскөн чөптөр тоскоол жараткан деген билдирүүсү сынга аларлык. Бул тууралуу ЦРУнун экс-аналитиги Ларри Жонсон Dialogue Works YouTube каналына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
"АКШга Украинада ийгиликти камсыз кылууда газон чапкычтар менен бригада түзүү керек экенин ким билиптир? Бул күлкү келерлик да. Британиянын кесипкөй аскер кызматкерлери акылга сыйбаган билдирүүнү кантип жасады?" — деген аналитик.
Буга чейин Британиянын чалгын кызматы Twitter баракчасына Украина Куралдуу күчтөрүнүн чабуул коюшуна бадалдар жана анча чоң эмес бактар тоскоолдук жаратканын жазган.
Эскерте кетсек, Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевде Польша менен достук мамилеге качан чекит коюлары айтылды