Володин БУУну Байдендин Тайвань боюнча чагымын сынга алууга чакырды

Володин бүтдүйнөнү бириктирген уюмжаңжалдын алдын алышы керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. БУУ Тайвандын айланасындагы кырдаал боюнча АКШ президенти Жозеф Байдендин чагымчыл аракеттерин сынга алышы керек. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин телеграм-каналына жазды.
Ал эгер уюм аралда жаңжал чыгып кетишин алдын албаса, Улуттар лигасы 1946-жылы жоюлуп кеткен сыяктуу, мындан да пайда жок болуп калат деп эсептейт.
“Бириккен Улуттар Уюму Байдендин чагымчыл аракеттерин сындашы керек. Өзүн сактап калыш үчүн унчукпай отурганга болбойт. Эгер БУУ жаңжалды болтурбай коюуга алы келбей, глобалдык коопсуздукту камсыздай албай жатса уюмдун иштеп жатканынан эмне пайда? Бул жок болуп кеткен Улуттар лигасындай эле болуп жатпайбы”, — деп жазды Володин.
Ошондой эле ал Вашингтон “бирдиктүү Кытай” принцибин жактайбыз дегени менен Тайвандын “антикытай” болушу үчүн бардык күчүн жүмшап жатканын белгиледи.
АКШ Тайванга аскердик жардам катары 345 млн. доллар бөлөт