Россия өкмөтү Кыргызстан менен билим берүү боюнча долбоорду жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Россия өкмөтү РФ менен Кыргызстандын министрлер кабинеттеринин ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул туурасында Россия өкмөтүнүн сайтына маалымат чыкты.
Документ Мамлекеттик думанын кароосуна бекитилген тартипте киргизилет.
“Келишим Россия жана Кыргызстан элдеринин билимин жана маданиятын өнүктүрүүдө мындан аркы өз ара кызматташып, алакалашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган”, — деп айтылат маалыматта.
Россия кыргызстандык окуучуларга ысык тамак берүүгө 15 млн. доллар бөлмөкчү