Радио

Python программалоо тили боюнча окуу курсу кыргызчаланды

"Санарип инсан" долбоорунун менеджери Ажыбек Нурланов Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Python программалоо тили боюнча окуу курсу иштелип чыкканын айтты.
Sputnik
2022-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин жаштардын, аялдардын санариптик сабаттуулугун, көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча "Санарип инсан" долбоорун колдоо чечиминен кийин программалоо тили боюнча курсу кыргызчаланды. Бул тууралуу Ажыбек Нурланов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Python эң популярдуу программалоо тилдеринин бири жана Python программисттеринин эмгек акысы бир топ жогору болот.
"Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кесиптер учурда эң көп акы төлөнгөн адистиктердин катарында десек болот. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүү үчүн адамдар тилдик тоскоолдуктарга туш болуп келген. Атап айтканда, өлкөдө программалоо боюнча негизги окуу материалдары орус тилинде болгондуктан бул орусча билбегендер үчүн чоң көйгөй. Бул маселени чечүү үчүн "Санарип инсан" долбоору Python программалоо тили боюнча кыргызча курстарды иштеп чыкты. Программалоо менен таанышып, IT тармагындагы кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоону каалаган жаштар үчүн 70тен ашык видеосабактар жана атайын материалдар даярдалды. Алар жеке жана мамлекеттик билим берүү жайларынын окуучулары, студенттери үчүн курстарды, орто мектептердин информатика мугалимдери үчүн Python сабактарын окутуунун атайын методикалык презентацияларын камтыйт. Курс Pythonдун негиздерин үйрөнүүнү жана программалоо жөндөмүн өнүктүрүүнү каалаган жарандар үчүн иштелип чыккан", — деди Нурланов.
Ал Python программалоо тилин өздөштүрүү жаштарга чет өлкөдөн жумуш издөөнүн ордуна IT тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууга мүмкүнчүлүктөрдү берерин кошумчалады.