Ташиев нефтетрейдерлер менен жолугуп, дизелдин баасын төмөндөтүүнү макулдашты

Ташиев күйүүчү май сатуучу жайларда дизель жогорулатылган баада сатылып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүүгө макул болду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер дизель майын жогорулатылган баада сатып жатканын белгилеген.

“Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып, бааларды төмөндөтүү зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле бааны төмөндөтүү жана мындан кийин дизелдин бир литрин 63-64 сомдон ашырбоо зарылдыгы белгиленди”, — деп айтылат маалыматта.

Ташиев Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун, Монополияга каршы кызматтын төрагасы Кеңешбек Тайлаковдун, күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик нефтетрейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн.
Чолпон-Атада милиционерлер эми электр скутер менен күзөткө чыгышат. Видео