Радио

Кусеинова: балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы жүрүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова ата-энелердин 31-августка чейин балдарын 1-класска электрондук каттоодон өткөрүшү зарылдыгын айтты.
Sputnik
1-класска балдарды каттоонун экинчи этабы жүрүүдө. Ал 31-август, түнкү саат 12:00гө чейин уланат. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баланы мектепке электрондук каттоодо суроолор пайда болсо 110 кыска номерине чалуу керек.
"Баланы 1-класска электрондук каттоо абдан эле жеңилдеген. Ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтына кирип эле жеке кабинетине өтүп керектелчү документтерди жүктөшөт. Бир баланын атына бир гана кабинет берилет. Эгер быйыл окутпай турган болуп калса же жер которсо системадан чыгып коюу талап кылынат. Анткени кийинки жылы баланы каттата албай калышат, ошондой эле быйылкыга бир орунду жөн эле ээлеп турушкан болот. Кандайдыр бир маселе жаралса же түшүнбөгөн суроолор болсо, 110 кыска номерине республикадагы бардык операторлордон чалса болот, байланыш акысыз", — деди Кусеинова.
Ал ата-энелерди жоопкерчиликтүү карап, каттоону эртелетпесе, айрым мектептерде орун толуп каларын кошумчалады.