Чолпон-Атада милиционерлер эми электр скутер менен күзөткө чыгышат. Видео

Буга чейин туристтик-экологиялык облустук милициянын муктаждыктары үчүн буга чейин беш электр скутерлер сатып алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери эми электр скутерлер менен күзөткө чыгат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдирди.
Туристтик-экологиялык облустук милициянын муктаждыктары үчүн буга чейин беш электр скутер сатып алынган.
1 / 2

Чолпон-Ата шаарында милиция кызматкерлери эми электр скутерлер менен күзөткө чыгат

2 / 2

Туристтик-экологиялык облустук милициянын муктаждыктары үчүн буга чейин беш электр скутер сатып алынган

“Бул өзү милиция кызматкерлерине жолдогу тыгындарды тез арада жоюуга жана автоунаа токтотуучу жайдын эрежелерин бузган айдоочуларды тартипке чакырууга мүмкүндүк берет. Тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк айдоочулар соода борборлордун алдында, көчөлөрдүн кесилиштеринде, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо жана түз эле жолдун жүрүүчү бөлүгүндө автоунааларын токтотуп коюуну көнүмүш адатка айландырып алышкан. Эми милиция кызматкерлери жол эрежесинин талаптарын мындай бузууларды алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча иштерин күчөтөт”, — деп айтылат маалыматта.
Милиционерлер ошондой эле чет элдик туристтерге дагы жардам көрсөтөт.
Дем алыш күндөрү жол инспекторлору күчөтүлгөн режимде иштейт