БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясынын Транспорт маселелери боюнча департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна накталай эмес төлөмгө өтүү жол кире алуу системасындагы мүчүлүштүктөрдү алдын ала жоюу максатында окуу жылынын башталышына чейин болорун айтты.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
“Транспорт департаменти коомдук транспортторду текшерүү жана жол акысын төлөбөгөн жарандарды аныктоо үчүн ыктыярчылардан, транспорт кызматкерлеринен турган топторду уюштурду. Алар жилет кийип, муниципалдык кызматтын төш белгисин тагынат. Төлөбөй калган учурда административдик протоколдор түзүлөт. Кире бериште валидаторлордун жанында бардык суроолорго жооп берген адистер да болот. “Тулпар” карталарын айдоочулардан сатып алса болот”, — деди Сагынбек уулу.
Мэрия буга чейин 20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алып салынарын билдирген.