6-августка карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда эртең күн 35 градуска чейин ысып, күндүз айрым жерлерде өткүн өтөрүн Кыргызгидрометеорология маалымдады.
Синоптиктер дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбой турганын айтты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас аймагында +27...+32, Ош, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +24...+29 жана Нарын жергесинде +26...+31 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте жана Ош калаасында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градустун тегерегин көрсөтөт.
Радио
Python программалоо тили боюнча окуу курсу кыргызчаланды