Сот эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин туура деп тапты

Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун арыздары канааттандырылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек калаасынын административдик соту Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билим тууралуу дипломдорунун жараксыздыгына байланыштуу аларды мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 2

Депутат Фархат Исмаилов

2 / 2

Депутат Фарходбек Алимжанов

Исмаилов менен Алимжановдун доосу канааттандырылган эмес. Фемида өкүлдөрүнүн чечимине 30 күндүн ичинде арызданса болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Исмаилов менен Алимжановдун мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган. Өткөн жылдын апрель айында УКМК аталган депутаттар жасалма диплом алууга шектелип жатканын билдирген болчу. Андан соң Алимжанов маселени четке кагып, дипломду өзү окуп алганын билдирген. Ошол бойдон бул маселе каралбай токтоп калган.
УКМК: жасалма диплом менен иштеген хирург пара берүүгө аракет кылды. Видео