Ысык-Көлдө кант кызылчасын өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Биржан Усубалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыйынтыгы эки-үч жылда белгилүү болот.
"Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институту 1956-жылы түзүлүп, өсүмдүктөрдү өстүрүү, аны селекциялоо, жаңы сортторду чыгаруу жана дыйкандарга сунуштоо менен алектенет. Учурда кант кызылчасын Ысык-Көл облусунда өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүлүүдө. Союз учурунда Чүйдө кант кызылчасы өстүрүлүп жакшы көрсөткүчтөргө жеткен. Бирок кызылчанын көбөйүшү менен катар эле анын илдеттери да тарай баштаган. Анткени аталган өсүмдүк топурактагы өзүнө тиешелүү минералдык элементтерди алат. Аны калыбына келтирүү эбегейсиз мээнетти, убакытты талап кылат. Өлкө эгемендүүлүктү алганда жерлер үлүшкө берилип, мугалим, дарыгер, айдоочу жана башкалар дыйканчылык менен алектенүүгө мажбур болду. Натыйжада жерди которуштуруп айдоо колдонулбай калды. Ал эми бул өз кезегинде топурактын структурасынын бузулушуна алып келип түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизүүдө. Мына ошондуктан аталган өсүмдүктү башка аймактарда дагы сынап көрүү максатталууда", — деди Усубалиев.
Ал келечекте Ысык-Көлдө кызылчанын бир канча сортун сыноо планы бар экенин кошумчалады.