Акылбек Жапаров Кытайдын элчисине тик учак менен Сары-Жазды көрсөттү. Видео

Буга чейин гидроэлектр станцияларын Кытай менен биргеликте куруу пландалып жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге Сары-Жаз дарыясына ГЭС куруу пландалып жаткан жерди тик учак менен көргөздү.
Сары-Жаз суусуна 1 100 мегаватт кубаттуулукта алты ГЭС куруу долбоору 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Бирок ушул кезге чейин ишке ашырылган эмес.
1 / 4

Министрлер кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге Сары-Жаз дарыясына ГЭС куруу пландалып жаткан жерди тик учак менен көргөздү

2 / 4

Сары-Жаз суусуна 1 100 мегаватт кубаттуулукта алты ГЭС куруу долбоору 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Бирок ушул кезге чейин ишке ашырылган эмес.

3 / 4

Өкмөттүн маалымат кызматы учурда долбоорду жүзөгө ашыруу кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланып жатканын билдирди

4 / 4

Ошондой эле жакынкы күндөрү Жапаров Кытайга иш сапарынын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөрү айтылды

Өкмөттүн маалымат кызматы учурда долбоорду жүзөгө ашыруу кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланып жатканын билдирди. Ошондой эле жакынкы күндөрү Жапаров Кытайга иш сапарынын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөрү айтылды.
Буга чейин министрлер кабинети аталган аймакка алты ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалып жатканын маалымдаган.
Сары-Жаз ГЭСи курулса энергетикалык каатчылыктан чыгууга жол ачат. Маек