Ош менен Баткенде аскердик машыгуулар өтүп жатат. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Коргоо министрлиги Ош жана Баткен облустарында аскердик машыгуулар өтүп жатканын билдирди.
1 / 2

Коргоо министрлиги Ош жана Баткен облустарында аскердик машыгуулар өтүп жатканын билдирди

2 / 2

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 31-июлдан 18-августка чейин Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн талаа жыйындары уюштурулган

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 31-июлдан 18-августка чейин Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн талаа жыйындары уюштурулган. Анын жүрүшүндө эсептердин, взводдордун жана батареялардын курамында артиллериялык бөлүкчөлөрүнүн ыраатуулугунун маселелери иштелип чыгат.
Жыйындын максаты өздүк курамдын теориялык билимдерин өркүндөтүү, практикалык көндүмдөрүн бекемедөө болуп саналат. Ошондой эле артиллерияларды даярдоо курсуна ылайык ок атуу, өздүк курамдын тез өзгөрүүчү кырдаалда чечим кабыл алуусун калыптоо жана иштеп чыгуу каралган.
"Коопсуздук" машыгуусу аяктап, активдүү катышкандар сыйланды. Сүрөт