Кыргызстан Түркияга өлкөдө кесиптик лицейлерди ачууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев аталган өлкөнүн улуттук билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушту. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Анда элчи Түркиянын "Маариф" фондунун Бишкектеги мектеби жакшы иштеп жатканын белгилеп, мындай окуу жайлар өлкөнүн бардык аймактарында ачыларына ишеним арткан. Ошондой эле түрк тараптын бай тажрыйбасын эске алуу менен кыргыз-түрк кесиптик лицейлеринин иштөөсүнө да кызыкдар экенин билдирген.
Мындан сырткары, тараптар Ван провинциясынын Улуу Памир айылына кыргыз тили жана адабияты, музыка жана элдик кол өнөрчүлүк мугалимдерин жиберүү, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу процессин талкуулашкан.
Өз кезегинде түркиялык министр билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга ынтызарлыгын айтып, кыргыз тарап сунуштаган маселелерди карап чыгууга даяр экенин белгилеген.
Орган алмаштырат. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди