БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылында социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик органы социалдык баракчасына жазды.
Айыл өкмөт башчы Майрамбек Тентимишов демилгелеп, социалдык дүкөнгө азык-түлүктөр айыл өкмөттүн бюджетинен алынып коюлганы айтылды. Социалдык жактан аз камсыз болгон жарандар, азык-түлүккө муктаж болгон айыл тургундары бул жерге келип акысыз алып кетсе болот.
Жергиликтүү бийлик кайрымдуулук кылууну каалаган жарандарды дүкөнгө керектелүүчү азык-түлүктөрдү сатып алып берүүгө чакырды. Мындан ары алардын жардамы менен текчелер толукталып турмакчы.
Мындай дүкөндү ачуунун максаты социалдык жактан аз камсыз болгон адамдарды азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.