"Акыркы тамчы". iPhone менен тартылган мыкты делген сүрөттөр

Жыл сайын өтүп турган iPhone Photography Awards (IPPAwards) сынакка келип түшкөн мыкты делген эмгектер аныкталды. Sputnik Кыргызстан телефон аппаратына тартылган сүрөттөрдөн алып сунуштайт.
Sputnik
Быйыл 16-ирет өтүп жаткан конкурска дүйнөнүн 140 өлкөсүнөн он миңдеген эмгек келип түшкөн. Калыстардын эл аралык тобу 14 категорияда бир нече сүрөттү мыкты деп аныктаган. Бардык сүрөттөр iPhone же iPad менен тартылган. Аны сынакка кандай болсо ошондой кылып, компьютерден жасап-түзөбөй жөнөтүү шарты коюлган.
"Жылдын фотографы" наамын жана гран-прини мексикалык Иван Сильве (Ivan Silva) "Баатыр"деген сүрөт менен алды. Анда тестиердин көңүлү ааламга алаканын салып алгандай толкуп-ташыган абалда турганын көрсөткөн. Башка үч байге төмөнкүчө аныкталган: 1-орунду германиялык Тея Миху (Thea Mihu), экинчини Босния жана Герцеговинадан Саша Борозан (Saša Borozan), үчүнчү орунду америкалык Дерек Хагерге (Derek Hager) ыйгарышкан.
1 / 16

Баатыр. Мексикалык Иван Сильве (Ivan Silva) тарткан сүрөт, бул ирмем гран-приге татыктуу болду.

2 / 16

Германиялык Тея Миху тарткан "Соя соусунун кыштагы" деп аталган бул сүрөт биринчи орунга татыды

3 / 16

Босниялык Саша Борозандын "Толкунду ооздуктагандар" деп аталган сүрөтү экинчи орунду алды

4 / 16

Америкалык Дерек Хагер (Derek Hager) бул сүрөт үчүн үчүнчү орунга татыды

5 / 16

Кытай фотографы Шэнь Цзя (Shusen Jia) тарткан "Жай" сүрөтү да байгеге татыды

6 / 16

Америкалык фотограф Скот Галловей тарткан сүрөт "Укмуш дөңгөлөк" деп аталат

7 / 16

Америкалык сүрөтчү София Ершованын "Кыз" деп аталган эмгеги

8 / 16

Кытайлык Цзиньсун Ху (Jinsong Hu) тарткан сүрөт. "Түтүк формасындагы имараттагы жашоо" деп аталган эмгек.

9 / 16

"Таң эрте фермада". Нидерланддык фотограф Тони Энсингдин эмгеги.

10 / 16

Бул сүрөттүн автору америкалык фотограф Скай Шнайдер

11 / 16

Индиялык фотограф Сунил Чоудхари кармаган ирмем

12 / 16

"Акыркы тамчы". Түркиялык фотограф Рамазан Чиракоглу тарткан сүрөт

13 / 16

Россиялык фотограф Анастасия Зимовская тарткан ирмем, тагыраагы, түндүк жаркырак жаралган учур

14 / 16

Испаниялык фотограф Доминик Данке (Dominic Dahncke) кармаган ирмем

15 / 16

"Рождество алдындагы түн". Бул ирмемди франциялык фотограф Лонг Нгуенге (Long Nguyen) тарткан.

16 / 16

"Батып бараткандагы жылдар". Немец фотографы Даниэль Хейгингдин сүрөтү