Чолпон-Атада көк бөрү боюнча дүйнө кубогу өтөт. 6 өлкө катышары күтүлүүдө

Байге фонду 5 миллион сомдон жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарынын ат майданында 13-20-август күндөрү көк бөрү боюнча дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Россия командаларынын келиши күтүлүүдө.
Турнир үч форматта өткөрүлөт — жогорку лигада Кыргызстан менен Казакстандын алдыңкы командасы ат салышат, биринчи лигада бардык өлкөдөн келген 12 команда таймашат. Үчүнчү формат ардагерлерге арналган, анда 45 жаштан жогорку кыргыз-казак улакчылары күч сынашат.
Бегалиев байге фонду 5 миллион сомдон жогору болорун белгиледи.
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев бул кубокто оюндун эрежелери өзгөртүлгөнүн айтты. Буга чейин 20 мүнөт менен үч тайм ойнолуп келсе, азыр убактысы 15 мүнөт болуп кыскарды. Ал эми буллит учурунда улакты аттан түшпөй тайказанга салуу талабы коюлган.
Оюндарды көрүү үчүн билет баасы 200 сомдон башталып 5000 сомго чейин. VIP билет 5000 сом, анда ипподромдун ачык күрөң секторунан орун берилип, сегиз күн бою кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Минскиде өтө турган КМШ оюндарына Кыргызстандан 200дөн ашык спортчу катышат