Аксыда тестиер баланы тууганы пневматикалык курал менен көзгө атып алды

Жаракат алган тестиер жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Аксы районунун Жерге-Тал айылында тогуз жаштагы баланы тууганы ойноп жатып көзгө атып алды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя тууралуу милицияга 2-август күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан кабарлашкан. Анда тогуз жаштагы А.К. аттуу баланы тууганы ойноп жатып парктарда тир атууга ылайыкталган курал менен кокусунан көзгө атып жибергени аныкталган. Жаракат алган тестиер жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Аталган факт Аксы РИИБдин электрондук каттоо журналына "Кокустук" беренеси менен катталган, учурда териштирүү жүрүп жатат.
Көлдө үйлөмө матраска отурган балдарды шамал бир чакырымдай алып кетти. Видео