5-августка карата аба ырайы

5-августка караган түндө республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +33...+38, Талас аймагында +30...+35 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл чөлкөмүндө +26...+31 жана Нарын жергесинде +28...+33 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош калаасында +37...+39, Чолпон-Ата шаарында +26...+28 градуска жетет.
Радио
Ысык-Көлдө кант кызылчасын өстүрүү боюнча тажрыйба жүргүзүлүүдө