Суткасына 100-120 тонна казылмакчы. Иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке кирди

Жаңы иштеп баштаган кенде суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Ысык-Көл облусунда 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кени ишке киргизилди

2 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында аталган кендин иши менен таанышкан

3 / 4

Ошондой эле учурда жаңы иштеп баштаган кенде суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылары белгиленди

4 / 4

Кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара алтынга болгон муктаждыгын Жыргалаң кени толук камсыздай алары айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында аталган кендин иши менен таанышкан.
"2022-жылдын жаз айларында президенттин тапшырмасы менен иш жанданды. Ал Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылат. Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кечедеги оорчулукту азайтууга, транспорттук чыгымдарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле учурда жаңы иштеп баштаган кенде суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылары белгиленди. Кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара алтынга болгон муктаждыгын Жыргалаң кени толук камсыздай алары айтылды.
Энергетика министрлиги көмүрдүн экспортун чектөөнү сунуштады