Түптүн айылдарында сел жүрүп үйлөрдү каптаган. Жерине ӨКМ башчысы барды

Учурда куткаруучулар сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Байзак айылындагы алты жана Кең-Суу айылындагы эки үйдүн жер төлөсүн каптады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Облуста жумушчу сапарда жүргөн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дароо аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышканы белгиленди.
"Суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрүн куткаруучулар түнү менен мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп тазалайт. Ал эми таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак жай жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт", — деп айткан министр.
Учурда турак жайлардын короо менен жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо. Кошумча маалымат берилет.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда сел жүрдү. Видео