УКМКнын Түптөгү имараты президенттин катышуусунда ачылды. Сүрөт

Жапаров тышкы жана ички коопсуздукту камсыз кылууда УКМКнын ролу чоң экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
1 / 3

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

2 / 3

Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан

3 / 3

Жапаров тышкы жана ички коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо УКМКнын өзгөчө ролун белгилеген

Ачылыш аземге президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан.
Жапаров тышкы жана ички коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле аймактык бүтүндүктү сактоодо УКМКнын өзгөчө ролун белгилеген.
Жаңы имаратта кызматкерлерге шарттар толук түзүлүп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Садыр Жапаров "Ысык-Көл" аэропортунун аэробекетинин курулушуна старт берди