Нарын: Sprinter менен Toyota RAV4 кагышып, 8 киши жарадар болду. Сүрөт

Жабыркаган жүргүнчүлөрдүн үчөө облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Sprinter менен Toyota RAV4 кагышып, сегиз киши жаракат алып ооруканага түштү. Бул туурасында Нарын облустук милициясынан кабарлашты.
Автокырсык боюнча маалымат милицияга 30-июлда түшкөн.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Sprinter менен Toyota RAV4 кагышып, сегиз киши жаракат алды
17 жүргүнчү салган бус Ак-Талаа районунан Бишкекке чыккан, ал эми жеңил автоунаа борбордон Нарынга бара жаткан.
Жабыркагандардын төртөө Toyota RAV4тө бараткандар — айдоочу жана эки жүргүнчү травматология бөлүмүнө, ал эми дагы бири реанимацияга түшкөн.
Буста бараткандардын ичинен айдоочу, жанында отуруп бара жаткан эки жүргүнчү травматология, дагы бирөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Милициядан тиешелүү экспертизалар дайындалып текшерүү жүрүп жатканын кошумчалашты.
Бишкекте катуу жол кырсык болду. Окуядан кийинки видео