Окурмандарга ал кездеги ирмемдерди тартуулоону эп көрдүк.
1980-жылы 3-августта Москвада жайкы Олимпиада аяктады.
Салтанат Ленин атындагы (азыркы Лужники) олимпиада стадионунда болгон. 80 өлкөнүн спортчулары талаага чыкканы да өзгөчө көрүнүш эле.
Олимпиада оту өчүп, адамдардан куралган символ болгон мамалактын көзүнөн... "жаш чуурган". Бул өзгөчө чеберчилик менен жасалганын видеодон көрүүгө болот. Андан кийин XXII Олимпиада оюндарынын символу стадионго чыгып, "До свидания, Москва" ырынын коштоосунда колун булгалап... асманды көздөй көтөрүлгөн.
Бул көптөрдү жашытып, стадиондо отургандар ушул салтанатты өмүр бою эстеп калды.
Айтмакчы, Олимпиаданын уюштурулушу жөнүндөгү бир катар маалыматтарда Олимпиаданын тумары болгон мамалактын асманга көтөрүлүшү ал кездеги КГБ үчүн да күтүүсүз окуя болгон, себеби бул нерсе сценарийде көрсөтүлбөгөнү жазылып жүрөт.
СССР бул спорттук майрамды жогорку деңгээлде уюштурган.