Элчилик кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча Россия ТИМине нота жөнөттү

Өкүлчүлүк жабыркаган мекендеш менен байланышып, укуктук жардам көрсөтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. КРдин РФтеги элчилиги Москвада кыргызстандык таксисттин кардар тарабынан сабалышы боюнча ишти көзөмөлүнө алды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, таксистке кол салуу окуясы 18-июль күнү болгон. Бирок жабыркаган мекендеш элчиликке кайрылган эмес.
"Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап элчилик тараптан жабыркаган Кыргызстандын жаранынын өздүгүн тастыктоо жана издөө иштери башталган. Учурда аны менен байланыш түзүлүп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Жабыркаган менкендешибиздин укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине элчилик тарабынан расмий нота жөнөтүлгөнү белгиленди.
Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармактарда кыргызстандык таксист кардардан салондо сыра ичпешин суранганы үчүн ур-токмокко кабылган видео тараган. Айрым ЖМКлар мекендеш полицияга кайрылса арызын кабыл албай койгонун жазып жатат.
Москвадагы кыргызстандыктар укугун коргоо үчүн каякка кайрылса болот? Номерлер