БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Москвада кыргызстандык таксисттин кардар тарабынан сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн консулдук бөлүмгө жабыркаган 48 жаштагы М.Ш. аттуу мекендеш чакырылган. Андан соң ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери полициянын тиешелүү бөлүмүнө алып барып таксисттин арызын каттатышкан. Натыйжада өлкө ИИМинин Москва шаарынын Басман райондук бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси ("Сабоо") боюнча иш козголгон.
"Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылды. Анын айтымында, 18-июнда түштөн кийин таксиге буйрутма түшүп, Неглинная көчөсүндө көрсөтүлгөн даректен жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп дүкөнгө жөнөп, бир бөтөлкө сыра алып чыккан. Кардардан унаа ичинде ичимдик ичпешин өтүнгөндө айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист жаракат алганы белгиленди. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды.
ИИМ россиялык блогерлер биринчилерден болуп кыргызстандык таксисттин укугун коргоп, окуя тууралуу социалдык тармактарда жазып жатканын кошумчалады.