Кыргызстанда жумуртка өндүрүү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Статистика

Былтыр өлкөдө өндүрүлгөн жумурткалардын саны 608 миллионго жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жумуртка өндүрүү көз карандысыздык алган жылдан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылган.
1991-жылы бир тоок бир жылда орто эсеп менен 95 даана жумуртка берген, кийинки жылы ал 96га көбөйгөн, бирок 1993-жылы 79га чейин төмөндөп кеткен. Кийин кайра өсүп, жылына 110дон жумуртка тууп турган. Буга чейин эң көп жумуртка алган учур 1997, 2006 жана 2007-жылдарга туш келип, саны 125ке жеткен. Ал эми былтыр тоок 132ден жумуртка берип, жаңы рекорд катталган. 2021-жылга салыштырмалуу 13кө көбөйгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда аталган продукцияны өндүрүү өсүп жатат. Эгер 2017-жылы тооктор 533,2 миллион жумуртка тууган болсо, былтыр 608 миллионго жеткен.
ЕАЭБде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты. Сандар