Гепатиттин В, С түрлөрүн дарылоодогу акысыз кызматтардын тизмеси жарыяланды

Бейтаптар жалпы дарыгерлик практика борборлоруна же жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна гепатитти дарылоо маселелери боюнча жооптуу дарыгерге кайрылуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги гепатиттин В жана С түрлөрүн дарылоо процессиндеги акысыз көрсөтүлө турган кызматтарды тизмектеди.
Маалыматта айтылгандай, бул үчүн бейтаптар жалпы дарыгерлик практика борборлоруна же жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна гепатитти дарылоо маселелери боюнча жооптуу дарыгерге кайрылышы керек.
Акысыз кызматтар:
дарыгерлердин кеңеши;
вируска каршы препараттар менен камсыз кылуу (дары-дармек берүү, бул дарыгердин көрсөтмөсү боюнча ай сайын жүргүзүлөт);
базалык изилдөөлөр (клиникалык жана биохимиялык параметрлер, маркерлер жана ПЦР ыкмалары менен);
лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (боорду ультраүндүү изилдөө, Фиброскан, МРТ жана башкалар бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт)
Суроолор болсо Вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборго кайрылуу сунушталат.
Дарылабаса ракка айланат. Медиктер гепатитке акысыз текшерүүдөн өтүүгө чакырды