Багбандар үчүн жакшы жаңылык! Чолпон-Атада Баткен өрүгүн саткан жай ачылат

Туристтик мезгилде Баткен өрүгүн сатууга жана даңазалоого жакшы мүмкүнчүлүк жаралганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан жай ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Соода жайын ачууну Баткендин башчысы Абдикарим Алимбаев, Ысык-Көлдүн жетекчиси Илияз Иманбетов жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормонов макулдашкан.
Ысык-Көлгө туристтер агылып келип жатканда Баткен өрүгүн жана андан жасалган табигый азыктарды сатууга чоң мүмкүнчүлүк жаралганы белгиленген. Бул аракет өрүктүн даңазасын арттырууну да көздөйт.
Өкүлчүлүк өрүк сатам деген багбандарды жана ишкерлерди 0779 30 20 50 номерине байланышууну өтүндү.
Бул ишке жооптуу болуп өкүлчүлүктүн Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбеков дайындалган.
ЖМК: эс алуу үчүн Кыргызстанды тандаган россиялыктар көбөйүүдө