Пресс-борбор

Бишкектиктер газдаштырууга насыяны кандай шартта алса болот. Брифинг

Иш-чара бейшемби, 3-августта, саат 10:00дө онлайн-форматта өтөт.
Sputnik
Брифингдин түз эфири Sputnik Кыргызстандын "Вконтакте" социалдык тармагында болот.
Абанын кирдешинен улам бишкектиктерге үйүнө газ менен жылытуучу каражаттарды коюу үчүн жеңилдетилген насыя алуу сунушталууда.
Акча 150 миң сомго чейин аз пайыз менен берилмекчи. Күрөө, кепил болгон тарап жана баштапкы каражат бөлүгү талап кылынбайт. Алган адам акчаны өзүнө ыңгайлуу болгон учурга ылайыктап төгө алат.
Анын шарттарын төмөнкү кызматкерлер айтып беришет:
Көчөрбай уулу Айбек — Биринчи май райондук Турак жай-коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт бөлүмүнүн жетекчиси;
Алдаяров Арзымат Нуркулович — "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары;
Турдалиев Акылбек Беримкулович — "РСК Банктын" башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары;
Сапаралиева Жийде Суусамырбековна — "РСК Банктын" насыя берүү департаментинин жетекчиси.
Урматтуу кесиптештер, суроолор болсо (0772) 17-54-88 Telegram номерине жиберсеңиздер модератор аны түз эфирде берет.