Милиция: Чаувайдагы жер талашта жездеси кайнисин атып алды

Окуя кечээ, 2-августта, саат 18:30дарда болгонун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кадамжай районунун Чаувай айылында жер талаш чырында жездеси кайнисин атып алды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Окуя кечээ, 2-августта, кечкурун болгон.
"Чаувай айылынын тургуну, 60 жаштагы Б.Б. ошол жердеги 49 жаштагы кайниси Т.Ш. менен мурдатан жер талашып келгендиктен айтыша кетишкен. Мас болгон Б. Б. алып жүргөн сайсыз мылтыгы менен кайнисин (Т.Ш.) сол колго, андан кийин Т.Ш.нын жанында жүргөн 22 жаштагы Т. К. аттуу уулун желкеге атып, андан соң качып кеткен", — деп билдиришти милициядан.
Т.Ш. ошол замат көз жумса, анын уулу, 22 жаштагы Т.К. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.
Окуя болгон жерге милициянын атайын тобу барып кароо жүргүзгөн. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Б.Б. Чаувай айылындагы өзүнүн үйүнөн кармалган. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголуп, шектүү Б.Б. убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Бишкекте мектептин аймагында асылып калган мугалимдин сөөгү табылды