Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин жосунуна Польшанын премьери нааразы болуп, катуу жооп берди

Польшанын башкаруучу партиясынын башкы катчысы да нааразычылыгын жашырган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Польшанын бийлик башында турган өкүлдөрү элчисинин Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакыртылышына нааразы болду.
Кечээ Польшанын президенти Марчин Пшидачтын канцеляриясынын Варшава тарабынан берилген жардамдарга Киев ыраазы болбой жатканы тууралуу билдирүүсүнөн кийин украин ТИМи элчи Бартош Цихоцкийди чакырткан.
Кырдаал боюнча Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Twitter баракчасынан катуу жооп берди.
"Россия Украинага кол салган күндөн кийин Киевде жалгыз калган польшалык элчини чакыртканы осол иш. Согуш уланып жаткан учурдагы эл аралык саясатты жана Польша Украинага ири жардам көрсөтүп жатканын эске алганда мындай катачылыктар болбошу керек", — деп жазды Моравецкий.
Польшанын башкаруучу партиясынын башкы катчысы Кшиштоф Соболевский да нааразычылыгын жашырган жок.
"Украина ТИМине Польшанын элчисин (баары качып кеткенде Киевде калган жалгыз элчи) чакыртуу — бул от менен ойноо. Анан калса 1-августта (Варшава көтөрүлүшүн эскерүү күнү) ушундай болгону бетпактык, буга өзүнө жараша жооп бериш керек", — деди Соболевский.
Путин Украина менен НАТО Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартканын эскертти