Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров 26-сентябрга чейин камакта калмай болду

Улан Жапаров коррупцияга шектелип өткөн айда кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров 26-сентябрга чейин камакта калмай болду. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, 32 жаштагы Улан Жапаров Садыр Жапаровдун атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз ишке тиешеси болгон деп шектелип, 6-июлда ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынган.
Тууганынын камакка алынышы боюнча өлкө башчы да комментарий берген.
УКМК коррупция менен кармалгандар кандай шартта бошотулуп жатканын айтты