Радио

Кыргызстанда техникалык адистиктерге кызыгуу күч алууда

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору Римма Эламанова аталган окуу жай Тоо-кен университети жана Курулуш, тарнспорт, архитектура университети менен бириктирилгенин эскертти.
Sputnik
Техникалык адистиктерге кызыгуу күч алууда. Ошондуктан бул багытта быйыл 900дөн ашык гранттык орун бөлүндү. Бул тууралуу Римма Эламанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — өзгөчө макам алган беш ЖОЖдун бири.
"Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде энергетика, тамак-аш, жеңил өнөр жай, тоо-кен, архитектура, курулуш жана башка экономикага түздөн-түз керек болгон адистер даярдалат. Кабыл алуунун 1-турунун жыйынтыгында абитуриенттердин катталуусу боюнча биринчи орунга чыкты. Демек, өлкөдө техникалык адистиктерге кызыгуу күч алганын боолголосок болот. Арасында маалыматтык технологиялар боюнча дагы бар. Анткени келечекте көбүнчө кесиптер IT менен байланыштуу болот. Ошондуктан университет бул багытты стратегиясына киргизген. Мындан тышкары, абитуриенттерге архитектура, курулуш, айлана-чөйрөнүн архитектурасынын дизайны жана башка бир катар кесиптер боюнча бакалавр эмес адистик сунушталууда. Техникалык университет кайра уюушулуп, Тоо-кен университети жана Курулуш, тарнспорт, архитектура университети болуп үч окуу жай бириктирилген. Билим берүү сапаты окутуучулук, профессордук курам, окутуу куралдары жана материалдык базадан көз каранды. Мунун ичинен каражатка байланыштуу материалдык-техникалык база жагы көйгөйлүү болуп келген. Ошону жаңылоо үчүн эл аралык донорлор менен иштешүүдөбүз. Алдыдагы беш жылдык стратегияда дагы дал ушул пунктуга басым жасалат. Быйыл жалпысынан бакалаврга 962, магистратурага 187 гранттык орун бөлүндү. Мунун ичинен министрлер кабинети тарабынан IT тармагына көбүрөөк берүү сунушталды", — деди Эламанова.
Ошондой эле ал ЖОЖго караштуу беш колледжге орто кесиптик билим берүү үчүн кабыл алуу жүрүп жатканын кошумчалады.