Суунун бишкектиктердин үйүнө кантип келерин баяндаган инфографика

"Бишкек суу канал" ишканасынан адистер Sputnik Кыргызстандын кабарчысына суунун шаардыктардын үйүнө кантип келерин айтып беришти.
Sputnik
Бишкек калаасын "Орто-Алыш" жана "Ала-Арча" деп аталган артезиан суусу чыккан аймактар камсыздайт. Мөңгү жана жамгырдын суусу Аламүдүн, Ала-Арча жана башка дарыяларга түшөт да, жерден сарыгып отуруп, тагыраагы, табигый чыпкалагычтан өтүп, артезиан суусун пайда кылат.
Жер алдындагы суулардын топтолушу
Алгач аны биринчи деңгээлдеги көтөргүчтөгү насостун жардамы менен 200-250 метрден алып чыгышат. Андан соң суюк хлор (хлорка менен алмаштырып албаңыз) менен зыянсыздандырышат.
Насостор жер алдындагы сууларды резервуарга соруп чыгарат
Орто-Алыш суу алгычында да кум тунуучу курулуштар бар. Бул жол менен сууну андан аркы тазалоого даярдашат. Бир катар суу кампаларында бактерициддик дезинфекциялоочу жайлар бар.
Зыянсыздандырылган суу
Үчүнчү этапта түтүктөр аркылуу шаарга жеткирилип, экинчи деңгээлдеги көтөргүч насостук станцияларга куюлат.
Жалпы системага берүү
Андан ары куурлар менен агып жүрүп отуруп, аны бир, эки кабатка чыгарууга болот. Ал эми көп кабаттуу үйлөргө алып чыгуу үчүн үчүнчү деңгээлдеги көтөргүч насостук станциялар каралган.
Суунун үйлөргө жетиши